Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 17-июну № 96
Бишкек шаарынын райондук референдум комиссияларынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Өздөрүнүн ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арыздарын бергендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 Декрети менен бекитилген "2010-жылдын 27-июнуна дайындалган, Кыргыз Республикасынын референдумун (жалпы элдик добуш берүү) өткөрүүнүн убактылуу Тартибинин" 15-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 5 токтому менен бекитилген "Референдум (жаппы элдик добуш берүү) комиссияларын түзүү жана таратуу тартибине" ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын төмөндө аталган райондук референдум комиссияларынын курамына өзгөртүүлөр киргизилсин:
Октябрь райондук референдум комиссиясы боюнча:
- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн Ботоева Венера Эргешовна комиссиянын курамынын мүчөлүгүнөн чыгарылсын;
- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн Нурмамбетов Жыргалбек Жуманасирович резервден комиссиянын курамына киргизилсин;
Ленин райондук референдум комиссиясы боюнча:
- "Биримдик" партиясынан көрсөтүлгөн Модостамова Назира Бактияровна комиссиянын курамынын мүчөлүгүнөн чыгарылсын;
- "Кыргызстан Коммунисттери" партиясынан көрсөтүлгөн Эминов Рахман Сары Оглы комиссиянын резервинен чыгарылсын;
- "Кыргызстан Республикалык элдик партиясы" партиясынан көрсөтүлгөн Борбомбаев Эмербек Анартаевич резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
2. Бул токтом "Эркин Тоо" гезитине жарыялансын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Г.Т.Алымбековага жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |