КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 18-июну № 98
2010-жылдын 27-июнда Кыргыз Республикасынын Референдумунда Эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө
«Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Кодексинин 18-беренесинин 6- жана 8- пунктчаларын жетекчиликке алып, 2010-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Референдумда эл аралык байкоочулар катары аккредитациялоо жөнүндө берилген арыздарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинен эл аралык байкоочулар катары төмөнкү жарандар аккредитациялансын (тизме тиркелет)
2 Эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
3 Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлсүн.
4 Бул токтом ЖМКларга жарыялансын.
5 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Э.Б.Ирискулбековго жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |