Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 18-июну № 99
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде добуш берүү үчүн кошумча участкаларды түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 2-беренесинин 2-пунктуна, Кыргыз Республикасынын референдум жөнүндө Конституциялык мыйзамынын 25-беренесинин 4-пунктуна ылайык, чет өлкөлөрдүн аймагында турган Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин сунушу боюнча (тиркемеге ылайык) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкарыда Кыргыз Республикасынын жарандары жыш жашаган жерлерде добуш берүү үчүн кошумча участкалар түзүлсүн.
2.КР БШКнын 2010-жылдын 1-июнундагы № 60 "Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде добуш берүү үчүн участкаларды түзүү жөнүндө" токтомуна тийиштүү толуктоо киргизилсин.
3 Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде добуш берүү үчүн участкаларды түзүү жөнүндө маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Эмгек, жумуштуулук жана миграция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө КР БШКнын мүчөсү А.Баялиновго жөнөтүлсүн
Төрага | А.Сариев |