Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 18-июну № 102
Телерадиокомпаниялардын эфиринде видео-аудио роликтерди көрсөтүү графигин бекитүү жөнүндө
2010-жылдын 21-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн №20 Декрети менен бекитилип, 2010-жылдын 27-июнуна дайындалган Кыргыз Республикасынын Референдумун өткөрүүнүн Убактылуу Тартибинин 14-пунктуна ылайык, референдумга даярдык көрүүнүн жана өткөрүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү жөнүндө жарандарга маалымдоо максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Телерадиокомпаниялардын эфиринде видео-аудио роликтерди көрсөтүү графиги бекитилсин (№1 тиркеме).
2 КР БШКнын мүчөлөрүнүн телерадиоберүүлөрдө чыгып сүйлөөлөрүнүн графиги бекитилсин (№2 тиркеме).
3 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Ж.Б.Бапановага жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |