Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 19-июну № 103
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде Кыргыз Республикасынын Референдумун (бүткүл элдик шайлоо) даярдоого жана өткөрүүгө кошумча чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 "Кыргыз Республикасынын Референдумун (бүткүл элдик шайлоо) дайындоо жөнүндө" Декретин аткаруу үчүн, № 20 Декреттин 1-пунктунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2010-жылдын 17-июнундагы № 025-10/2844 "Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын аймактарында кошумча тогуз шайлоо участкаларын ачуу жөнүндө" катынын негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1 2010-жылдын 27-июнуна дайындалган, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде референдумду (бүткүл элдик шайлоо) даярдоого жана өткөрүүгө кошумча чыгымдардын сметасы 2 071 900 (эки миллион жетимиш бир миң тогуз жүз) сом суммасында бекитилсин (тиркелет).
2 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү А.Ж.Абдыкалыковага жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |