Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 19-июну № 104
КР референдум комиссияларынын ортосунда тез байланышты камсыз кылуу жөнүндө
Өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу, 2010-жылдын 27-июнуна дайындалгын бүткүл элдик добуш берүүнү даярдоо жана өткөрүү мезгилинде КР БШК менен облустук, шаардык, райондук жана участкалык шайлоо комиссиялырынын ортосунда тикелей үзгүлтүксүз байланышты камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнчаБорбордук комиссиясы ,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Тарматар ичиндеги 0 корпоративдик тарифге кошулган Sky Mobile компаниясынын симкарталары, ошондой эле КР БШК мүчөлөрү, облустук (шаардык) шайлоо комиссиялары жана КР БШК аппаратынын кызматкерлери үчүн саны 30 даана телефон аппараттары сатып алынсын.
2.Фнансы жана материалдык-техникалык камсыз кылуу бөлүмү симкарталарды сатып алууга КР референдумун даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттардан зарыл сумманы тапсын.
3.КР БШК мүчөлөрү, аппараттын жооптуу кызматкерлери, бардык системалык админитраторлор, облустук, Бишкек, Ош шаардык, райондук жана участкалык комиссиялардын торагалары жана катчылары симкарта менен камсыз кылынсын.
4.Облустук комиссиялар референдумдун жыйынтыктары чыккан соң бул симкаларды КР БШКга кайтарып берүүгө милдеттендирилсин.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү А.Ж.Абдыкалыковага жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |