Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 21-июну № 107
Ош облусунун Өзгөн райондук референдум комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги №20 Декрети менен бекитилип, 2010-жылдын 27-июнуна дайындалган "Кыргыз Республикасынын Референдумун (бүткүл элдик добуш берүү) өткөрүүнүн Убактылуу Тартибинин" 15-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөруү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 30-апрелиндеги №5 токтому менен бекитилген «Референдум комиссияларын түзүүнүн жана таратуунун тартибине» жана Ош облусунун Өзгөн райондук референдум комиссиясынын протоколдорунун негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Ош облусунун Өзгөн райондук референдум комиссияларынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн Марипова Толгонай катчынын кызмат ордунан бошотулсун жана комиссиянын курамынан чыгарылсын;
-жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн Маткадырова Светлана Бообековна резервден курамга киргизилсин жана комиссиянын катчысы болуп бекитилсин;
-«Туран» партиясынан көрсөтүлгөн Кимсанов Салмоор комиссиянын курамынын мучөлүгүнөн чыгарылсын.
-«Кыргызстан Республикалык элдик партиясы» партиясынан көрсөтүлгөн Усманкулов Жаныбек Абдымаликович комиссиянын курамынан чыгарылсын.
-жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн Осмонов Каныбек резервден комиссисынын курамына киргизилсин.
-жарандардын чогулушунан көрсөтулгөн Ниязов Маматжунус Төрөкулович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
2 Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жарыялансын.
3 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Г.Т.Алымбековага жүктөлсүн.
Төрага | А.Сриев |