КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 26-июну № 120
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-июнундагы УӨ № 20 Декрети менен бекитилип, 2010-жылдын 27-июнуна дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумун (жалпы элдик добуш берүү) өткөрүүнүн Убактылуу тартибинин 8-пунктунун 2-абзацынын ченемдерин түшүндүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-июнундагы УӨ № 81 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 «Кыргыз Республикасынын референдуму (жалпы элдик добуш берүү) жөнүндө" Декретине толуктоо киргизүү жөнүндө» Декретин бирдиктүү, так жана кыйшаюусуз аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги УӨ № 19 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" Декретинин 4-пункттун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги УӨ № 20 Декрети менен бекитилип, 2010-жылдын 27-июнуна дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумун (жалпы элдик добуш берүү) өткөрүүнүн Убактылуу тартибинин 8-пунктунун 2-абзацынын ченемдеринин түшүндүрмөсү бекитилсин (№ 1 тиркеме).
2 Бул Токтом жана Түшүндүрмө бардык деңгээлдеги референдум комиссияларына токтоосуз маалымдалсын.
3 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Ж.А. Акматовго жүктөлсүн
Төрага | А.Сариев |