Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 23-июну № 111
Кыргыз Республикасынын референдумунда эл аралык (чет өлкөлүк) байкоочулардын ишмердүүлүгүнүн, статусунун жана ыйгарым укуктарынын тартиби жөнүндө" Жобого өзгөртүү киргизилсин
Эл аралык байкоочу катарында аккредитациялоого эл аралык уюмдардан Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына арыздар келип жаткандыгына байланыштуу, айкындуулукту камсыз кылдуу максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 «Кыргыз Республикасынын референдумунда эл аралык (чет өлкөлүк) ) байкоочулардын ишмердүүлүгүнүн, статусунун жана ыйгарым укуктарынын тартиби жөнүндө" Жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 3-бөлүктүн 3.6-пунктундагы "5 күн калганда" деген сөз "1 күн калганда" деген сөзгө алмаштырылсын.
2 Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлсүн
3 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө КР БШКнын мүчөсү Э.Б. Ирискублековго жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |