Редакцияот 23.06.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 23-июну № 112

2010-жылы 27-июнда Кыргыз Республикасынын Референдумунда эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө

«Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Кодексинин 18-беренесинин 6-, 8-пунктчаларын жетечиликке алып, 2010-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Референдумунда эл аралык байкоочулар катары аккредитациялоо жөнүндө берилген арыздарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 Эл аралык байкоочулар катары төмөнкүлөрдүн өкүлдөрү аккредациялансын:

-Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынан (№ 1 тиркеме);

-Түркия Республикасынын Элчилигинен (№2 тиркеме).

2 Эл аралык  байкоочуларга  белгиленген  үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин

3 Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлсүн.

4 Бул токтом ЖМКларда жарыялансын.

5 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Э.Б.Ирискулбековго жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Сариев