Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 23-июну № 113
2010 -жылы 27-июнда Референдумда добуш берүү Эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жаңа референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 1-июнундагы №63 токтому менен бекитилген 2010-жылдын 27-июндагы Референдумда добуш берүү Эрежелерин, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июндагы №63 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын катышуу укугуна кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" жана 2010-жылдын 21-июнундагы №20 «Кыргы Республикасынын референдуму (бүткүл элдик добуш берүү) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декретине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" 2010-жылдын 17-июнунудагы №73 декреттерине ылайык келтирүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2010-жылдын 27-июндагы Референдумда добуш берүүнүн Эрежелерине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1 2-бөлүдөгү 4-абзацтын төмөнкү мазмундагы сүйлөмү: «Референдумдун кошумча тизмесине шайлоочуну киргизүү үчүн негиз болгон документтер төмөнкүлөр болуп саналат: катталуу белгиси менен паспорт же ID карта жана тизмеден чыгуу күбөлүгү" алып салынсын.
2 Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын.
3 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Г.А.Скрипкинага жүктөлсүн
Төрага | А.Сариев |