Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 24-июну № 114
2010-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Референдумунда Эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө
Кыргыз Республикасындагы "Шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 18-беренесинин 6 жана 8-пунктчаларын жетекчиликке алып, 2010-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Референдумда эл аралык байкоочу катарында аккредитациялоо жөнүндө берген арыздарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1 Эл аралык байкоочу катары аккредитациялансын:
-Кыргыз Республикасындагы Америка Кошмо Штаттарынын элчилигинен(№ 1 тиркеме);
-Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинен (№ 2 тиркеме).
2 Эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин
3 Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлсүн
4 Бул токтом ЖМКларга жарыялансын.
5 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Э.Б.Ирискулбековго жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |