Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 24-июну № 115
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде түзүлгөн референдум комиссияларынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Конституциялык мыйзамынын 16-беренесинин 6-пунктун жетекчиликке алып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин 2010-жылдын 24-июнундагы № 025-11/3032 кайрылуусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1 Төмөнкү участкалык референдум комиссияларынын курамына өзгөртүүлөр киргизилсин:
Казак Республикасында, Астана шаары "Центральный" базары:
-комиссиянын мүчөсү Сарыков Ашим Таирович курамдан чыгарылсын;
-Саитов Аманбай Камчиевич комиссиянын курамына киргизилсин.
Швейцариядагы Кыргыз Республикасынын элчилигинде, Женева шаары:
-комиссиянын мүчөсү Жумалиев Муктар Кабылбекович курамдан чыгарылсын;
-Токтогулов Эльдар Азизбекович комиссиянын курамына киргизилсин;
-Дерюаз Зайна комиссиянын курамына киргизилсин.
2 Участкалык референдум комиссияларынын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин
3 Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлсүн
4 Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.
5 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү А.Д. Баялиновго жүктөлсүн
Төрага | А.Сариев |