Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 25-июну № 116
2010-жылдын 27-июнундагы Кыргыз Республикасынын Референдумуна Эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө
Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 18-береневинин 6 жана 8-пунктчаларын жетекчиликке алып, 2010-жылдын 27-июнундагы Кыргыз Республикасынын Референдумуна Эл аралык байкоочу катары аккредитациялоо жөнүндө беоген арыздарына ылайык, кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1 Эл аралык байкоочу катары төмөндөгү уюмдардан өкүлдөр аккредитациялансын:
- Көзарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинен (№ 1 тиркеме);
-Россия Федерациясынын Ош шаарындагы Башкы консулдугунан (№ 2 тиркеме)
-АКШнын эл аралык мамилелер Улуттук Демократиялык Институтунан(УДИ) (№ 3 тиркеме);
-Шайлоо Системаларынын Эл аралык Фондунан (№ 4 тиркеме);
-Көзарандысыз Мамлекеттердин Кызматташтыгына катышуучу -мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Кецешинен (№ 5 тиркеме)
2 Эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
3 Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлсүн
4 Бул токтом ЖМКларга жарыялансын.
5 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Э.Б.Ирискулбековго жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |