КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 26-июну № 120
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-июнундагы УӨ № 20 Декрети менем бекитилип, 2010-жылдын 27-июнуна дайынлалган Кыргыз Республикасынын референдумун (жалпы элдик добуш берүү) откөрүүнүн Убактылуу тартибинин 8-пунктунун 2-абзацынын ченемдерин түшүндүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-июнундагы УӨ № 81 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 "Кыргыз Республикасынын референдуму (жалпы элдик добуш берүү) жөнүндө" Декретине толуктоо киргизүү жөнүндө Декретин бирдиктүү, так жана кыйшаюусуз аткаруу максатында, Кыргыз Рспубликасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелинде УӨ № 19 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү бюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" Декретинин 4-пункттун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүүбоюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелинде УӨ № 20 Декрети менен бекитилип, 2010-жылдын 27-июнуна дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумун (жалпы элдик добуш берүү) өткөрүүнүн Убактылуу тартибинин 8-пунктунун 2-абзацынын ченемдеринин түшүндүрмөсү бекитилсин (№ 1 тиркеме).
2. (Бул Токтом жана Түшүндүрмө бардык деңгээлдеги референдум комиссияларына токтоосуз маалымдалсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Ж.А. Акматовго жүктөлсүн
Төрага | А.Сариев |