Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 28-июну № 122
Облустук, Бишкек жана Ош шаардык референдум комиссияларынан протоколдорду кабыл алуу боюнча жумушчу топту түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү тарабынан долбоорлору Референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) сунуш кылынган Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу боюнча Кыргыз Республикасынын референдумунун жыйынтыктарын чыгарууну уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Облустук, Бишкек жана Ош шаардык референдум комиссияларынан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары түзүлгөн участкалык референдум комиссияларынан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорун кабыл алуу боюнча жумушчу топ төмөнкү курамда түзүлсүн:
М.А.Корсунский - жумушчу топтун жетекчиси;
Ж.А.Акматов - жумушчу топтун мүчөсү;
Э.Б.Ирискулбеков - жумушчу топтун мүчөсү;
М.И..Аргымбаев- жумушчу топтун мүчөсү;
Г.Т.Алымбекова -жумушчу топтун мүчөсү;
А.С.Алымбекова- жумушчу топтун мүчөсү;
А.С.Ли-жумушчу топтун мүчөсү;
Н.Н.Давкина- жумушчу топтун мүчөсү;
А.Б.Кадыркулова -жумушчу топтун мүчөсү.
2 Жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын жыйынтыктоочу жыйналышынын кароосуна референдумдун добуш берүү натыйжаларын аныктоо боюнча материалдарды даярдасын.
Төрага | А.Сариев |