Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 1-июлу № 125
"Демократия жана жарандык коом үчүн Коалиция" коомдук бирикмесинин арызын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына «Демократия жана жарандык коом үчүн Коалиция» коомдук бирикмесинен Бишкек шаарынын Көк-Жар жаңы конушундагы № 88 орто мектебинде жайгашкан № 1147 участкалык референдум комиссиясында жарандар Т.Момунов жана Б.Өмүров добуш берүү учурунда урнага бюллетендердин топтомун салгандыгы, бул жөнүндө көзкарандысыз байкоочулар тарабынан акт түзүлгөндүгү жана ушунун негизинде референдум өткөрүү учурундагы бурмалоо добуштарды эсептөөдө добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир берди деп,арыз ээси болжолдогон мазмундагы келип түшкөн арызды карап чыгып жана «Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө» Кодекстин 54-беренесинин 2- жана 6-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Арыз берүүнүн тартибин бузгандыгына байланыштуу арыздануучу «Демократия жана жарандык коом үчүн Коалиция" коомдук бирикмесинин арызын канааттандыруудан баш тартылсын.
2 Арыз ээсине жооп жазуу түрүндө жөнөтүлсүн.
3 Бул октомдун аткарылышын көзөмөлдөө КР БШКнын мүчөсү М.Д.Джанжалбековго жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |