Кыргыз Республикасынын
2009-жылдын 20-июлундагы N 241 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары2006-жылдын 4-августу N 148 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу 1-статья. "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыр-гыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку КењешининВедомосттору, 1996-ж., N 7, 101-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толук-тоолор киргизилсин: 1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча бөлүктөр жањы абзацтан башталып,чекит коюлган араб цифралары менен номерленсин. 2. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "ЖогоркуКењештин палаталары" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү "Жогорку Кењеш"деген сөздөргө алмаштырылсын. 3. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча белгиленген рим цифралары тийе-шелүү номерлер менен "Глава" деген сөзгө алмаштырылсын. 4. 1-статьяда: экинчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылар системасы-на: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынынконституциялык мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары; 2) Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары, Кыргыз Респуб-ликасынын Жогорку Кењешинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ток-томдору, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын актылары, Кыргыз Рес-публикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана адми-нистрациялык ведомстволорунун актылары, жергиликтүү мамлекеттик адми-нистрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын че-чимдери кирет."; төртүнчү бөлүктөгү "ар бир палатанын" деген сөздөр алып салынсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөр менентолукталсын: "3. Мыйзам алдындагы нормативдик акты - мамлекеттик бийлик органы-нын мыйзамга караганда төмөнүрөөк юридикалык күчкө ээ болгон норматив-дик укуктук актысы. Мыйзам алдындагы нормативдик акты мыйзамдардын не-гизинде жана аларды аткаруу үчүн кабыл алынат. 4. Мыйзам алдындагы нормативдик актыларга Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин жарлыктары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ток-томдору жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору, Кыргыз Рес-публикасынын Улуттук банкынын, Кыргыз Республикасынын министрликтери-нин, мамлекеттик комитеттеринин жана администрациялык ведомстволорунунактылары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын чечимдери жанажергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдери кирет."; үчүнчү-бешинчи бөлүктөр тийиштүүлүгүнө жараша бешинчи-жетинчибөлүктөр деп эсептелсин. 5. 4-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "Жогорку Кењешинин палаталары"деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењеши" деген сөздөр менен, "өздөрүнүн" деген сөз "өзүнүн" деген сөзменен, "алышат" деген сөз "алат" деген сөз менен алмаштырылсын. 6. 7-статьядагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Арбитраждык соту,"деген сөздөр алып салынсын. 7. 9-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын даярдоо, кароо жана кабылалуу тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы, "Кыргыз Республика-сынын Жогорку Кењешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мый-замы жана ушул Мыйзам менен аныкталат.". 8. 16-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "16-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши Кыргыз Республикасынын Конс-титуциясы тарабынан анын карамагына киргизилген маселелер боюнча, ошон-дой эле өзүнүн ишин ички уюштуруу маселелери боюнча токтомдор кабылалат.". 9. 19-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "19-статья. 1. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-тволор жана башка аткаруу бийлигинин борбордук органдары, жергиликтүүмамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарыКыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзам-дарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларынын, Кыргыз Рес-публикасынын Жогорку Кењешинин токтомдорунун, Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн актыларынын негизинде жана аткаруу үчүн өздөрүнүн полномочие-леринин чегинде нормативдик укуктук актыларды чыгарышат. 2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-тволор жана башка аткаруу бийлигинин борбордук органдары нормативдикукуктук актыларды буйрук формасында чыгарышат; башкаруунун коллегиялуутүрүндөгү аткаруу бийлигинин борбордук органдарында нормативдик укуктукактылар токтом түрүндө чыгарылат. 3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-тволор жана башка аткаруу бийлигинин борбордук органдары, жергиликтүүмамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарытарабынан чыгарылган башка наамдагы актылар (жоболор, нускамалар,көрсөтмөлөр, эрежелер жана башкалар) тийиштүү буйруктар, болбосо ток-томдор менен бекитилет. 4. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-тволор жана башка аткаруу бийлигинин борбордук органдары, жергиликтүүмамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарытарабынан нормативдик укуктук актыларды чыгаруу учурунда жогору турганмыйзам чыгаруучу органынын кайсы актысын (анын статьясын же пунктун)аткаруу үчүн ал актынын чыгарылгандыгынын себеби көрсөтүлөт.". 10. 21-статьянын биринчи бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндал-сын: "1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши мыйзам чыгаруу иштерини-не пландарын иштеп чыгат жана бекитет.". 11. 37-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "37-статья. 1. Эгерде алар жањы актыга киргизилген көрсөтмөлөргө каршы келсе,болбосо алардын ичине кирип кетсе, нормативдик укуктук актынын кабылалынышы менен бардык нормативдик укуктук актылар же алардын түзүмдүкбирдиктери күчүн жоготту деп таанылууга тийиш. 2. Эгерде алар жањы актыга киргизилген нормативдик көрсөтмөлөргөжарым-жартылай каршы келсе, нормативдик укуктук актынын кабыл алынышыменен мурда кабыл алынган нормативдик актылар өзгөртүлүүгө жана толук-талууга тийиш. Мындай өзгөртүүлөр менен толуктоолордун тексти тийиштүүпункттардын же алардын түзүмдүк бирдиктеринин жањы редакциясы формасын-да баяндалат. 3. Нормативдик укуктук актынын кабыл алынышы менен күчүн жоготтудеп табылууга, өзгөртүлүүгө, толукталууга тийиш болгон нормативдикукуктук актылардын жана алардын түзүмдүк бирдиктеринин тизмеси же акты-нын өзүнүн түзүмдүк бирдигинде, же анын күчүнө кирүүсүнүн тартибижөнүндө атайын актыда камтылууга тийиш. 4. Эгерде нормативдик укуктук актынын кабыл алынышы менен күчүнжоготту деп таанылууга, өзгөртүлүүгө жана толукталууга тийиш болгоннормативдик укуктук актылардын же алардын түзүмдүк бирдиктеринин саныкыйла көп болсо, алардын тизмеси өзүнчө акты түрүндө жол-жоболошотуру-лат жана негизги актынын долбоору менен бир эле убакта берилет. 5. Күчүн жоготту деп таанылууга, өзгөртүлүүгө жана толукталуугатийиш болгон нормативдик укуктук актылардын тизмесинин долбоорлору не-гизги актыны кабыл алгандан кийин, аларды даярдоо узак убакытты талапкылган учурларда, даярдоого өзгөчө учур катары жол берилет. Мындайучурда тийиштүү тизмелердин долбоорлорун иштеп чыгуу жөнүндө тапшырма-нын долбоорлору даярдалат, анда аларды даярдоо кайсы органдарга, уюм-дарга тапшырылгандыгы көрсөтүлөт жана укук жаратуучу органга берүүнүнмөөнөтү аныкталат.". 12. 39-статьянын биринчи бөлүгү "басылмаларда" деген сөздөн кийин"же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Интернет-порталында" дегенсөздөр менен толукталсын. 13. 44-статьянын бешинчи бөлүгүндөгү "пунктчаларында" деген сөз"пункттарында" деген сөз менен алмаштырылсын. 14. 52-статьянын экинчи бөлүгү алып салынсын. 2-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев 2006-жылдын 8-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган