КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 9-августу № 140
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин даярдоо үчүн өзүнчө коргоочу белгилери бар, атайын кагаздын коргоо даражасын бекитүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 12-пунктчасына, 39-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин даярдоо үчүн тыгыздыгы 80 гр., көрүнүп туруучу жана ультра сыя көк чыгалууда көрүнгөн, саргыч түстөгү коргоочу жипчелери жана «ЦЕНТРИЗБИРКОМ КР» деген жазуусу менен өзүнчө эксклюзивдүү көрүнбөс белгилери бар атайын кагаздын коргоо даражасы бекитилсин.
2 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Ж.А. Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |