Загрузка документа…
КР 2020-жылдын 1-августундагы № 110 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары
2006-жылдын 4-августу № 147
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Жарандык абалдын актылары жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу
2006-жылдын 16-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья.
"Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-
мына ("Эркинтоо" гезити, 2005-жылдын 19-апрели, № 33") төмөнкүдөй өз-
гөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 7-статьянын биринчи пунктунун экинчи абзацындагы "Котормонун
тууралыгы нотариус тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек" деген сөздөр "Жого-
руда көрсөтүлгөн документтердин котормосун ишке ашырган котормочунун
колунун аныктыгы нотариус тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек" деген сөздөр
менен алмаштырылсын.
2. 9-статьянын 2-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда баян-
далсын:
"- өлгөн адамдын тууганына жарандык абалдын актысы мурда ага кара-
та түзүлгөн".
3. 10-статьянын экинчи абзацы алып салынсын.
4. 14-статьянын 1-пунктунун төртүнчү абзацы "төрөгөн учурда," де-
ген сөздөрдөн кийин "ошондой эле башка далилдер" деген сөздөр менен то-
лукталсын.
5. 41-статьядагы "соттун баланы асырап алуу жөнүндө мыйзамдуу
күчүнө кирген" деген сөздөр "жергиликтүү мамлекеттик администрациянын,
шаардын мэриясынын же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында алдын - ала
каралган учурларда, соттун баланы асырап алуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө
кирген чечими (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган)" деген сөздөр менен
алмаштырылсын.
6. 43-статьянын 2-пунктундагы "ушул чечимди чыгарган соттон" деген
сөздөр алып салынсын.
7. 42, 43, 44, 46 жана 47-статьялардагы "соттун" деген сөз "ыйга-
рым укуктуу органдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
8. 47-статьядагы "ата-энелер" (атасы же энеси) тарабынан",
"ата-энеси (атасы же энеси) жөнүндө" деген сөздөр тийиштүү түрдө
"ата-энеси тарабынан", "атасы же энеси жөнүндө" деген сөздөр менен ал-
маштырылсын.
9. 52-статьянын 5-пункту алып салынсын.
10. 53-статьянын 1-пунктундагы "ошондой эле аталыгын аныктоого кө-
зөмөлчүлүк жана камкордук органынын макулдугу бар учурда" деген сөздөр
"көзөмөлчүлүк жана камкордук органынын макулдугу менен, ал эми мындай
макулдук жок учурда - соттун чечими боюнча" деген сөздөр менен алмашты-
рылсын.
2-статья.
Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К. Бакиев