Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 9-августу № 144
Бирдиктүү шайлоо округу боюнча саясый партиялардан көрсөтүлгөн, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкерлердин тизмесин, талапкерлер жөнүндө маалыматтардын формаларын жана саясый партиянын талапкерлерди каттоо үчүн зарыл документтеринин тизмесин бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 25-беренесинин 5-пунктуна, 27-беренесинин 1-, 10-пунктчаларына, 73-беренесинин 1-пунктуна ылайык жана "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктунун 3-, 12- пунктчаларын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Борбордук Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүчү саясый партиянын зарыл документтеринин бекитилсин (№ 1 тиркеме).
2. Бирдиктүү шайлоо округу боюнча саясый партиялардан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн телапкелердин тизмесинин формасы бекитилсин (№2 тиркеме).
3. Бирдиктуу шайлоо округу боюнча саясый партиялардын талапкерлеринин тизмесинин курамынында көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер жөнүндө маалыматтардын формасы бекитилсин (№3 тиркеме).
Төрага | А.Сариев |