Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 10-августу № 146
Кыргыз Республиксынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Коомдук кабылдамасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу, жарандардын кайрылуулары, каалоолору жана даттануулары менен натыйжалуу жана тез арада ишти уюштуруу максатында, «Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасын,10-беренесинин 1-пунктунун 34-пунктчасын жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Коомдук кабылдамасы төмөнкү деректер боюнча уюштурулсун:
- Бишкек ш., Раззаков көчөсү 59, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын имараты, 1-кабат, № 103 бөлмө;
-Ош ш.,Ленин көчөсү 221, Ош облустук мамадминистрациясынын имараты, 1-кабат,№ 9 бөлмө
2 Коомдук кабылдаманын иштөө графиги күн сайын саат 9.00дөн 18.00гө, түшкү .тыныгуу саат 13.00дөн 14.00гө чейин, дем алышсыз белгиленсин.
3 Коомдук кабылдаманын ишине жооптуу болуп Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Н.Т. Шерипов бекитилсин
Төрага | А.Сариев |