Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 10-августу № 147
Саясый партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемесин аныктоо жөнүндө
Шайлоо фонддорун түзүү боюнча саясый партиялар үчүн шарттарды камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 51-беренесинин 6-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1 2010-жылдын 10-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуучу саясый партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемеси болуп «ЭСК Банкы» АККы аныкталсын.
2 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Б.Ж. Салыкбаевага
Төрага | А.Сариев |