Редакцияот 07.08.2006
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары2006-жылдын 7-августу № 150                     КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ                                                "Интегралдык микросхемалардын топологияларын            укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын                  Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу     2006-жылдын 16-июнунда              Кыргыз Республикасынын Жогорку                                         Кењеши тарабынан кабыл алынган      1-статья.      "Интегралдык микросхемалардын   топологияларын   укуктук    коргоожөнүндө"  Кыргыз  Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жо-горку Кењешинин Ведомосттору,  1998-ж., № 8, 228-ст.) төмөнкүдөй толук-тоо киргизилсин:     1. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 7-1-статья менен толукталсын:     "7-1-статья. Мамлекеттик келишим боюнча иштерди аткарууда түзүлгөн                   топологияга болгон мүлктүк укуктар      Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик муктаждыктары үчүн мамлекеттикконтракт боюнча  иштерди  аткарууда түзүлгөн топологияга болгон мүлктүкукуктар, эгерде  мамлекеттик  контрактта анын атынан мамлекеттик тапшы-рыкчы иш жүргүзүп, бул укук Кыргыз Республикасына таандык деп белгилен-бесе, аткаруучуга (ишти көтөрүүчүгө) таандык болот.     Эгерде Кыргыз  Республикасынын мамлекеттик муктаждыктары үчүн мам-лекеттик контракт боюнча иштерди аткарууда түзүлгөн топологияга  болгонмүлктүк укуктар мамлекеттик эмес тапшырык берүүчүгө таандык болсо, мын-дай учурда топология боюнча мүлктүк укуктардын ээси Кыргыз  Республика-сынын  мамлекеттик  муктаждыктары алынып келинген товарларды даярдоо жежалданып иштеген иштерди аткарууда мындай топологияны пайдаланууга укукберүү  жөнүндө  мамлекеттик тапшырык берүүчүнүн талабы боюнча ал атагантараптар менен келишим түзүүгө милдеттүү.     Топологияны түзүп,  бирок  укук  ээси болуп саналбаган кызматкерге(авторго) сыйакы ушул статьянын биринчи бөлүгүнө ылайык ушул укукту ал-ган  жак  тарабынан төлөнүп берилет.  Сыйакы төлөөнүн тартиби жана апыпөлчөмү автор менен топологияга карата мүлктүк укуктардын ээсинин  орто-сундагы келишимде белгиленет.".      2-статья.      Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн,  Кыргыз Республикасынын  минист-рликтери менен ведомстволорунун ченемдик укуктук актылары ушул Мыйзамгакарама-каршы келбеген бөлүктөрүндө колдонулат.      3-статья.      Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.     Ушул Мыйзам ал күчүнө кирген күндөн тартып  келип  чыккан  укуктукмамилелерге карата колдонулат.     Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн  ченемдик  укуктук  актыларынушул Мыйзамга ылайык келтирсин.      Кыргыз Республикасынын      Президенти                                            К. Бакиев