Загрузка документа…
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 28-июлундагы № 84 токтомуна ылайык күчүн жоготкон
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 12-августу № 153
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуучу жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо Тартиби жөнүндө
«Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 16-, 17-жана 25-пунктчаларынаылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутуттарын шайлоодо Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарында шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө саясый партияларга бирдей шарттарды камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт. иштеринде катышкан Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо тартиби» бекитилсин (тиркелет).
2 Бул Тартип "Эркин Тоо", "Кыргыз Туусу" жана "Слово Кыргызстана" газетасына жарыялансын.
Төрага | А. Сариев |