КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 14-августу № 156
Нарын облустук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Нарын облустук шайлоо комиссиясынын төрагасынын, комиссиянын чечүүчү добуш укугу бар мүчөсү М.К.Кадыркуловду комиссиянын жыйналыштарына жүйөлүү себептерсиз дайыма катышпагандыгы үчүн комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө берген сунушун карап чыгып, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 16-беренесинин 3-пунктун, 10-беренесинин 1-пунктунун 2-, 3-пунктчаларын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын облустук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн, комиссиянын мүчөсү Кадыркулов Мырзабек Калыкбаевич курамдан чыгарылсын;
- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн Акитаева Асылкан резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
2. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Г.Т.Алымбековага жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |