Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 17-августу № 159
Ысык-Көл облустук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Өздөрүнүн ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арыздарын бергендигине байланыштуу Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына, 16-беренесинин 3-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2010-жылдын 22-июлундагы № 133 токтому менен бекитилген "Облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларын түзүүнүн Убактылуу тартибинин" 2-пунктунун 11-абзацына, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2004-жылдын 15-июнундагы № 15 токтому менен бекитилген "Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссиялары жөнүндө Жобонун" 2.11-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облустук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- Жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн, комиссиянын мүчөсү Кошумбаев Памирбек Тойматович курамдан чыгарылсын;
"Жети-Өгүздү өнүктүрүү" КБнын жарандарынын чогулушунан көрсөтүлгөн Садыков Бекбосун Талипович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
2. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жарыялансын.
3. Бул токтом аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Г.Т.Алымбековага жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |