КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 17-августу № 161
Райондук, шаардык жана участкалык шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу Тартибин бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 11-беренесинин 2-, 3-, 4-, 5-пункттарына, 16-беренесинин 1-, 2-пункттарына, 10-беренесинин 1-пунктунун 2-, 4-, 17-пунктчаларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Райондук, шаардык жана участкалык шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу Тартиби бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом "Эркин Тоо" гезитине жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |