Загрузка документа…
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 31-июлундагы № 102 токтомуна ылайык күчүн жоготкон
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 17-августу № 162
2010-жылдын 10 октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо анын аймагында жашаган же андан сырткары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын катышуусун уюштуруу жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу
«Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Кодексинин 2-беренесинин 2-пунктуна, 22-беренесинин 7-,10-пункпарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 2010-жылдын 10-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоодо анын аймагында жашаган же андан сырткары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын катышуусун уюштуруу жөнүндө" Жобо бекитилсин.
2. Шайлоочулар жөнүндө маалыматтардын бирдиктүү формасы бекитилсин (№2 тиркеме).
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү М.А.Корсунскийге жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |