Бишкек шаары2006-жылдын 7-августу № 152 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кызматтык ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, өнөр жай үлгүлөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу 2006-жылдын 16-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. "Кызматтык ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, өнөр жай үлгүлөрүжөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жо-горку Кењешинин Жарчысы, 1999-ж., № 12, 542-ст.) төмөнкү өзгөртүү кир-гизилсин: 1. 13-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "13-статья. Мамлекеттик контракт боюнча иштерди аткарууда жаралган кызматтык ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, өнөр жай үлгүлөрү 1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик муктаждыктары үчүн мамлекет-тик контракт боюнча иштерди аткарууда жаралган кызматтык ойлоп табуу-лардын, пайдалуу моделдердин, өнөр жай үлгүлөрүнүн патентин алуу укугу,эгерде мамлекеттик контрактта анын атынан мамлекеттик заказчы ишжүргүзүп, бул укук Кыргыз Республикасына таандык деп белгиленбесе, ат-каруучуга (ишти көтөрүүчүгө) таандык болот. Эгерде мамлекеттик контракка ылайык патент алуу укугу Кыргыз Рес-публикасына таандык болсо, мамлекеттик заказчы кызматтык ойлоп табуу,пайдалуу модель, өнөр жай үлгүсү катары укуктук коргоо алууга жарамдуужыйынтык алынгандыгы жөнүндө аткаруучунун (ишти көтөрүүчүнүн) жазуужүзүндөгү кабарлоосу алынган учурдан тартып алты айдын ичинде патенталуу боюнча өтүнмө бере алат. Эгерде көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде мам-лекеттик заказчы өтүнмө бербеген учурда, патент алуу укугуна аткаруучу(ишти көтөрүүчү) ээ болуп калат. 2. Эгерде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик муктаждыктары үчүнмамлекеттик контракт боюнча иштерди аткарууда жаралган кызматтык ойлоптабуунун, пайдалуу моделдин же өнөр жай үлгүсүнүн патентин ушул стать-янын 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасы албаган учурда, патент ээсимамлекеттик заказчынын талабы боюнча ал көрсөткөн жакка (жактарга) Кыр-гыз Республикасынын мамлекеттик муктаждыктары үчүн иштерди аткаруу жепродукция камдап берүүнү ишке ашыруу максатында ушул кызматтык ойлоптабууну, пайдалуу моделди же өнөр жай үлгүсүн пайдаланууга өзгөчө эмесакысыз лицензия берүүгө милдеттүү. 3. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу мамлекеттик конт-ракт боюнча иштерди аткарууда түзүлгөн бардык кызматтык ойлоп табуулар,пайдалуу моделдер, өнөр жай үлгүлөрү жөнүндө аткаруучу (ишти көтөрүүчү)мамлекеттик заказчыга кабарлайт. 4. Мамлекеттик заказчынын талабы боюнча патент ээси мамлекеттиккоргоо заказын аткаруу үчүн курал-жарак жана аскердик техника даярдоо-чуга мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу курал-жарак жана ас-кердик техниканы иштеп чыгууга арналган келишимди аткарууда жаралганкызматтык ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн коргоо до-кументинин күчүндө турган бүткүл мөөнөтүнө пайдаланууга өзгөчөлүксүзакысыз лицензия берет. 5. Курал-жарак жана аскердик техниканы иштеп чыгууга арналган мам-лекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу келишимди аткарууда жаралганкызматтык ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө лицензия-ларды үчүнчү жактарга берүү мамлекеттик заказчынын уруксаты мененжүргүзүлөт. 6. Патенттин ээси болбогон ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин, өнөржай үлгүсүнүн авторуна ушул статьянын 1-пунктуна ылайык патент алганжак тарабынан сыйакы төлөнүп берилет. Сыйакы төлөөдө ушул Мыйзамдын8-статьясынын жоболору колдонулат. Ушул статьянын 2 жана 4-бөлүктөрүндө каралган тартиптеөзгөчөлүксүз акысыз лицензия берүүдө мындай лицензия мамлекеттик заказ-чынын талабы боюнча берилсе, авторго сыйакы мамлекеттик заказчы тарабы-нан төлөнөт. Сыйакы мамлекеттик контракт боюнча иштерди аткаруу үчүнмамлекеттик заказчыга бөлүнүүчү каражаттардан төлөнөт.". 2-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын минист-рликтеринин жана башка мамлекеттик органдарынын ченемдик укуктук акты-лары ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүктөрүндө колдонулат. 3-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Бул Мыйзам күчүнө кирген күндөн кийин келип чыккан укуктук мамиле-лерге карата колдонулат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларынушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев