КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 18-августу № 165
"Ак Санат" Элдик өзүн-өзү башкаруу партиясы жана "Ата-Мекен" саясий социалисттик партиясы саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө
Финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө "Ак Санат" Элдик өзүн-өзү башкаруу партиясы жана "Ата-Мекен" саясий социалисттик партиясы саясий партиялардын жазуу жүзүндө берген билдирүүлөрүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 1-, 3-, 22-пунктчаларына, 26- беренесинин 3-, 6-, 7-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Финансы маселелери боюнча төмөндөгү ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн ыйгарым укуктары тотулсун:
"Ак Санат" Элдик өзүн-өзү башкаруу партиясы:
-Султаналииева Бурул Хайдулдыевна.
"Ата-Мекен" саясий социалисттик партиясы:
Перегудова Юлия Сергеевна.
2. 2010жылдын 13августундагы № 046 жана 2010 жылдын 12августундагы № 014 каттоо кубөлүктерү жараксыз деп табылсын.
3. Финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:
"Ак Санат" Элдик өзүн-өзү башкаруу партиясы:
-Айтиева Аида Жанибековна.
"Ата-Мекен" саясий социалисттик партиясы:
-Мадалиев Замирбек Насирдинович.
4. Саясий партиялардын катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө ыйгарым укуктуу өкулдүн күбөлүгү берилсин.
5. Бул токтом "Эркин Тоо" гезитине жарыялансын.
Төрага | А.Сариев |