Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 20-августу № 166
"Кыргызстан Аялдарынын жана жаштарынын демократиялык партиясы "Жаңы Күч" саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
Шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө "Кыргызстан Аялдарынын жана жаштарынын демократиялык партиясы "Жаңы Күч" саясий партиясынын жазуу жүзүндө берген билдирүүсүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 1-, 3-, 22-пунктчаларына, 26-беренесинин 3-, 6-, 7-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргызстан Аялдарынын жана жаштарынын демократиялык партиясы "Жаңы Күч" саясий партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джолдошева Гульмира Джапаровнанын ыйгарым укуктары токтотулсун.
2. 2010-жылдын 15-августундагы № 081 каттоо күбөлүгү жараксыз деп табылсын.
3. "Кыргызстан Аялдарынын жана жаштарынын демократиялык партиясы "Жаңы Күч" саясый партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Абай уулу Чоро катталсын.
4. Саясый партиянын катталган ыйгарым укуктуу өкүлүнө ыйгарым укуктуу өкүлдүн күбөлүгү берилсин.
5. Бул токтом "Эркин Тоо" гезитине жарыялансын.
Төрага | А.Сариев |