КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 23-августу № 169
УШКнын журналын «Учкун» ААКнын басмаканасында даярдоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин шайлоодо участкалык шайлоо комиссияларынын ишин жеңилдетүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 1-, 3-пунктчаларын жетекчиликке алып. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 УШКнын атайын журналы бекитилсин (тиркелет).
2 УШКнын журналы 5000 нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде "Учкун" басмаканасында басып чыгарылсын (разнарядка тиркелет).
3. Бул гоктомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Ж. Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |