Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 23-августу № 171
Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнундө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 25- беренесинин 3- пунктун, 69 –беренесинин 1- пунктун, 70- беренесин, 72- беренесинин 3- пунктун, 77-беренесинин З -пунктун колдонуу боюнча түшүндүрмө тууралуу
«Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Кодексинин ченемдерин колдонуу маселелери боюнча шайлоо процессинин катышуучуларынын көптөгөн кайрылууларына байлануштуу, аталган Кодекстин жоболорун бир түрдүү жана так колдонуу максатында, ошондой эле «Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Кодексинде камтылган коллизиялык ченемдерди чечүү максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктунун 1-, 3-пунктчаларын, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 1-, 3-пунктчаларын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 «Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 25-беренесинин 3-пунктун, 69-беренесинин 1-пунктун, 70-беренесин, 72-беренесинин 3-пунктун, 77-беренесинин 3-пунктун колдонуу боюнча түшүндүрмө бекитилсин.
2 Бул токтом "Эркин Тоо" газетасында жарыялансын
Төрага | А.Сариев |