Бишкек шаары2006-жылдын 8-августу № 155 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралу 2006-жылдын 16-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведо-мосттору, 1998-ж., № 10, 375-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүкиргизилсин: 1. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-статья менен толукталсын: "6-1-статья. Мамлекеттик контракт боюнча иштерди аткарууда түзүлгөн селекциялык жетишкендик Эгерде селекциялык жетишкендик Кыргыз Республикасынын мамлекеттикмуктаждыгы үчүн мамлекеттик контракт боюнча иштерди аткарууда түзүлсө,анда селекциялык жетишкендикке табыштама берүү жана патент алуу укугуаткаруучуга (ишти көтөрүүчү) тийиштүү, эгерде анын атынан мамлекеттиктапшырыкчы чыкса жана бул укук Кыргыз Республикасына тийиштүү экендигимамлекеттик контракт менен белгиленбесе. Эгерде мамлекеттик контрактка ылайык, патент алуу укугу КыргызРеспубликасына тийиштүү болсо, мамлекеттик тапшырыкчы селекциялык же-тишкендик катарында укуктук коргоого жөндөмдүү чен-өлчөм алуу жөнүндөгүаткаруучунун (ишти көтөрүүчүнүн) жазуу түрүндөгү анын кабарламасы жи-берген учурунан баштап, алты айдын ичинде патент алууга табыштама береалат. Эгерде көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде мамлекеттик тапшырыкчы табыш-тама бербесе, патент алуу укугуна аткаруучу (ишти көтөрүүчү) ээ болот. Эгерде Кыргыз Республикасынын муктаждыгы үчүн мамлекеттик контрактбоюнча иштерди аткарууда селекциялык жетишкендиктерге ушул статьянынбиринчи бөлүгүнө ылайык патентти мамлекеттик эмес тапшырыкчы алганучурда, патент ээси мамлекеттик тапшырыкчынын талап кылуусу боюнча анынкөрсөткөн жагына (жактарына) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик муктаж-дыгы үчүн иштерди аткаруу же продукцияны жөнөтүүнү жүзөгө ашыруу макса-тында ушул селекциялык жетишкендиктерди пайдаланууга өзгөчөлөнбөгөн ли-цензия берүүгө милдеттүү. Патент ээси болуп саналбаган, селекциялык жетишкендиктин авторунаушул статьянын биринчи бөлүгүнө ылайык, патент алган жак аркылуу сыйакытөлөнөт. Сыйакы төлөөдө тиешелүү түрдө ушул Мыйзамдын 22-статьясынынжоболору колдонулат.". 2. 7-статьянын бешинчи бөлүгүндөгү "кыргыз же орус" деген сөздөртиешелүү түрдө "мамлекеттик же расмий" деген сөздөргө алмаштырылсын. 2-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын минист-рликтеринин жана башка мамлекеттик органдарынын ченемдик укуктук акты-лары, ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүктөрүндө колдонулат. 3-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Ушул Мыйзам ал күчүнө кирген күндөн баштап келип чыккан укуктукмамилелерге карата колдонулат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларынушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Кыргыз Республикасынын Президенти К. Бакиев