КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 23-августу № 173
Саясий партиянын басылма үгүт материалдары, төш белгилери жана символдору жөнүндө түшүндүрмө тууралуу
"Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин ченемдерин бир түрдүү колдонуу жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү менен байланышкан маселелерди тез арада чечүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 1-, 3-пунктчаларын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Саясий партиянын басылма үгүт материалдары, төш белгилери жана символдору жөнүндө Түшүндүрмө бекитилсин.
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Төрага | А.Сариев |