Редакцияот 24.08.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ  ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 24-августу № 174

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын ЖМКларын аккредитациялоо жөнүндө

Жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан аккредитациялоого берилген документтерди карап чыккан маалыматтык камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун сунушун карап чыгып, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасын, 10-берененин 1-пунктунун 16-, 17-пунктчаларын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына жалпыга маалымдоо каражаттары аккредитациялансын (тизме тиркелет).

2. Төмөнкү жалпыга маалымдоо каражаттарына аккредитациялоодон баш тартылсын:

- шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууга даяр экендиги жөнүндө билдирүүдө "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 30-беренесинин 18-пунктунун талаптарын аткарбагандыгына байланыштуу "Сом" маалыматтык жарнама газетасына;

- шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууга даяр экендиги жөнүндө билдирүүдө "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 30-беренесинин 18-пунктунун талаптарын аткарбагандыгына байланыштуу "Эл турмушу" газетасына.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү А.М.Мамараимовго жүктөлсүн.

4. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жарыялансын.

 

Төрага

А.Сариев