Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 24-августу № 175
Райондук, шаардык жана участкалык шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу Тартибине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 1-, 3-пунктчаларына, 11-беренесинин 2-, 3-, 5-пункттарына ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Райондук, шаардык жана участкалык шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу Тартибинин" (КР БШКнын 2010-жылдын 17-августундагы № 161 токтому) 3-пунктунун 7-абзацындагы "шарды алып чыгат" деген сөздөрдөн кийин "Партиянын өкүлүнүн ыйгарым укуктары ал таламын көздөгөн саясий партия тарабынан анын фамилиясын, аты-жөнүн, жашаган жерин, ошондой эле ал чүчүкулакка катышуу үчүн жөнөтүлгөн шайлоо комиссиясынын аталышын көрсөтүү менен жазуу түрүндө күбөлөндүрүлүшү керек. Бул документ паспортун же аны алмаштырган документти көрсөткөндө жарактуу" деген сүйлөм, "Саясий партиянын өкүлү катышпай калган учурда саясий партия үчүн катышып отурган залдагы адамдардын кимиси болбосун шарды алып чыгат" деген сүйлөм менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Г.Т.Алымбековага жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |