Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 25-августу № 177
Кыргызстан Аялдарынын жана жаштарынын Демократиялык партиясы "Жаңы күч" партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө
Кыргызстан Аялдарынын жана жаштарынын Демократиялык партиясы "Жаңы күч" партиясынын 2010-жылдын 10-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого катышуудан баш тарткандыгы жөнүндө жана катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн ыйгарым укуктары токтотулгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүү бергендигине байланыштуу, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 26-беренесинин 3-, 6-, 7-пункттарына, 10- беренесинин 1- пунктунун 1-, 3-, 22-пунктчаларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргызстан Аялдарынын жана жаштарынын Демократиялык партиясы "Жаңы күч" партиясынын төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары токтотулсун:
- Абай уулу Чоро - шайлоо боюнча;
- Мамбетова Толгонай Асанкуловна - финансылык маселелер боюнча.
2. 2010-жылдын 15-августундагы № 082 жана 2010-жылдын 21-августундагы № 117 каттоо күбөлүктөрү жараксыз деп табылсын.
3. Бул токтом Кыргызстан Аялдарынын жана жаштарынын Демократиялык партиясы "Жаңы күч" партиясына билдирилсин.
4. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасында жарыялансын.
Төрага | А.Сариев |