Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 25-августу № 178
2010-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку инин депутаттарын шайлоодо эл аралык (чет өлкөлүк) байкоочулардын күбөлүктөрү жөнүндө
«Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Кодексинин 18-беренесинин 8-пунктун жетекчиликке алып 2010-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык (чет өлкөлүк) байкоочулардын катышуусун уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Эл аралык (чет өлкөлүк) байкоочунун күбөлүгүнүн үлгүсү (№1,2 тиркеме) бекитилсин.
2 Шайлоо технологиялары бөлүмүнө аккредитациялоо жөнүндө берилген арыздарга ылайык, КР Президентинин Иш башкармалыгынын басмаканасында эл аралык (чет өлкөлүк) байкоочунун күбөлүгүн даярдоону уюштурсун.
3 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шайлоо технологиялары бөлүмүнүн башчысы Б.С.Исаковго жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |