Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 27-августу № 179
Кыргызстандын Республикалык «Таза Коом» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө
Кыргызстандын Республикалык «Таза Коом» саясий партиясынын 2010-жылдын 10-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого андан ары катышуудан баш тарткандыгы жөнүндө жана өзүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ыйгарым укукиарынын токтоткондугу жөнүндө кабарлоону бергендигине байланыштуу, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 26-беренесинин 6-пунктуна, 10-беренесиннин 1-пунктунун 1-, 3-пунктчаларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Кыргызстандын Республикалык «Таза Коом» саясий партиясынын төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары токтотулсун:
-Намазбекова Күлжамила - шайлоо боюнча;
-Исаев Карим Маматович - финансы маселелери боюнча.
2 2010-жылдын 15-августундагы №101 жана №102 каттоо күбөлүктөрү жараксыз деп табылсын.
3 Бул токтом Кыргызстандын Республикалык «Таза Коом» саясий партиясына маалымдалсын.
4 Бул токтом "Эркин Тоо" газетасында жарыялансын.
Төрага | А.Сариев |