Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 27-августу № 180
Шайлоо участкаларын түзүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Кодексинин 21-беренесинин 1-,2-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүүнү жана шайлоочулардын добуштарын эсептөөнү өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Кыргыз Республикасынын аймагында бирдиктүү шайлоо округу боюнча 2289 шайлоо участкасы түзүлсүн.
2 Шайлоо участкаларынын тизмеси алардын чек араларын жана деоектерин көрсөтүү менен жалпыга маалымдоо каражаттарында райондук (шардык) шайлоо комиссиялары тарабынан тийиштүү райондор (шаардар) боюнча 2010- жылдын - сентябрынан кечиктирбестен жарыялансын
3 Шайлоо участкаларынын тизмесин алардын чек араларын, деректерин жана телефон номерлерин көрсөтүү менен 3000 нуска брошюра болуп чыгарылсын.
4 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.Аргымбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |