Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 29-августу № 183
Саясий партиялардын ыйгарьш укуктуу өкүлдөрү жөнүндө
"Мекен Баатырлары", ''Кыргызстан Элдик Кыймылы", "Жаштар үнүн колдоо" саясий партияларынын 2010-жылдын 10-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого андан ары катышуудан баш гарткандыгы жөнүндө жана өзүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ыйгарым укуктарын токтоткондугу жөнүндө кабарлоону бергендиктерине байланыштуу, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 26-беренесинин 6-пунктуна, 10 -беренесинин 1- пунктунун 1-,3-пунктчаларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Төмөнкү саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укугары токтотулсун:
"Мекен Баатырлары" саясий партиясы:
-Абдабосунова Нурия Иманкуловна - шайлоо боюнча;
-Акматалиева Гүлнара Асылымбековна - финансы маселелери боюнча.
"Кыргызстан Элдик Кыймылы" саясий партиясы:
-окталиев Нурлан Акинович -шайлоолор боюнча;
- Какеева Римма Бейшеновна -финансы маселелери боюнча.
"Жаштар үнүн колдоо" саясий партиясы:
-Назаркулов Сардарбек Рысбаевич- шайлоо боюнча;
-Султангазиева Аида Имамидиновна - финансы боюнча.
2. 2110-жылдын 14-августундагы №075, 076, 2010-жылдын 15- августундагы №095, №096, №099, №100 каттоо күбөлүктөрү жараксыз деп табылсын.
3. Бул токтом аталган саясий партияларга маалымдалсын.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасында жарыялансын
Төрага | А.Сариев |