Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 1-сентябры № 185
"7-апрель Жаштар кыймылы" саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
Финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн алмаштыруу жөнүндө "7-апрель Жаштар кыймылы" саясий партиясы жазуу жүзүндө билдирүүсүн бергендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 1-, 3-, 22-пунктчаларына, 26-беренесинин 3-, 6-, 7-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "7-апрель Жаштар кыймылы" саясий партиясынын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мамырканов Эрмек Тынчылыковичтин ыйгарым укуктары токтотулсун.
2. 2010-жылдын 12-августундагы № 026 каттоо күбөлүгү жараксыз деп табылсын.
3. Саясий партиянын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Урпокова Татьяна Жунусовна катталсын.
4. Саясий партиянын катталган ыйгарым укуктуу өкүлүнө ыйгарым укуктуу өкүлдүн каттоо күбөлүгү берилсин.
5. Бул токтом "Эркин Too" газетасына жарыялансын.
Төрага | А.Сариев |