Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 1-сентябры № 186
Саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого андан ары катышуудан баш тарткандыгы жөнүндө жана өздөрүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу "Кыргызстандын дыйкандар (фермерлер) партиясы", "Биз прогресс үчүн" саясий партиялары кабарлоосун бергендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 1-, 3-пунктчаларына, 26-беренесинин 6-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөндөгү саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары токтотулсун:
"Кыргызстандын дыйкандар (фермерлер) партиясы" саясий партиясы:
- Скатневский Юрий Моисеевич - шайлоо боюнча;
- Алиев Сагынбек Сайдинович - финансы маселелери боюнча.
"Биз прогресс үчүн" саясий партиясы:
- Зайков Андрей Флегантович - шайлоо боюнча;
- Найзабеков Искандер Абитаевич - финансы маселелери боюнча.
2. 2010-жылдын 13-августундагы № 041, № 042, 2010-жылдын 16-августундагы № 105, № 106 каттоо күбөлүктөрү жараксыз деп табылсын.
3. Бул токтом "Кыргызстандын дыйкандар (фермерлер) партиясы", "Биз прогресс үчүн" саясий партияларына билдирилсин.
Бул токтом "Эркин Too" газетасына жарыялансын.
Төрага | А.Сариев |