Редакцияот 01.09.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ  ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 1-сентябры № 188

Шайлоо укуктарын бузуу үчүн юридикалык жоопкерчилик жөнүндө Эскертмеге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Алдыда боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу, "Шайлоо укуктарын бузгандыгы үчүн юридикалык жоопкерчилик жөнүндө Эскертмени" Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

I. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2007-жылдын 17-ноябрындагы № 123 токтому менен бекитилген Шайлоо укуктарын бузгандыгы үчүн юридикалык жоопкерчилик жөнүндө Эскертмеге төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

1. "Конституциялык-укуктук жоопкерчилик" бөлүмүндө:

- үчүнчү абзац жана тогузунчу абзац алып салынсын;

- он биринчи абзацтагы "Шайлоо мыйзамдары шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн милдеттерин жетиштүү түрдө так аныктабайт, бирок" деген сөздөр алып салынсын;

- он экинчи абзацтагы "Ошондой эле", "экендигин белгилей кетүү зарыл" деген сөздөр алып салынсын;

- он төртүнчү абзацтагы "Талапкерди" деген сөздөн кийин "талапкерлердин тизмесин" деген сөздөр менен толукталсын. "фактылай жана укуктук" деген сөздөр алып салынсын;

- он бешинчи абзацтагы Талапкерди" деген сөздөн кийин "талапкерлердин тизмесин" деген сөздөр менен толукталсын.

2. "Администрациялык жана жоопкерчилик" бөлүмүндө:

- он алтынчы жана он жетинчи абзацтар алып салынсын;

- он сегизинчи абзацтагы "он эки" деген сөз "он үч" деген сөзгө алмаштырылсын;

- жыйырма сегизинчи абзац алып салынсын;

- кырк сегизинчи абзацтагы "152" деген сан "18" деген санга алмаштырылсын;

- элүү үчүнчү абзацтагы "Талапкерди" деген сөздөн кийин "талапкерлердин тизмесин" деген сөздөр менен толукталсын, "1" деген сандан кийин "2" деген сан менен толукталсын.

3. "Шайлоо жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жазык жоопкерчилигинин пайда болушунун өзгөчөлүктөрү" бөлүмүндө:

- жыйырма экинчи, отуз жетинчи жана отуз сегизинчи абзацтар алып салынсын.

4. Бүткүл текст боюнча "төраганын орун басары" деген сөздөр алып салынсын.

5. "Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын бузуу үчүн жоопкерчилик" бөлүмү алып салынсын.

II. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

 

Төрага

А.Сариев