Редакцияот 02.09.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ  ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 2-сентябры № 189

"Ата Мекен" саясий социалисттик партиясынан талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө

"Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3-, 20-, 24-пунктчаларын, 27-беренесинин 1-, 2-, 4-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Ата Мекен" саясий социалисттик партиясынан көрсөтүлгөн 120 санындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмеси катталсын (тизме тиркелет).

2. "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 27-беренесинин 11-пунктуна ылайык, "Ата Мекен" саясий социалисттик партиясынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмеси "Эркин Тоо" газетасынын жакынкы номерине жарыялансын.

3. "Ата Мекен" саясий социалисттик партиясынан катталган талапкерлерге белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

 

Төрага

А.Сариев