Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 2-сентябры № 190
"Ата Журт" идеалисттик демократиялык саясий партиясынан талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3-, 20-, 24-пунктчаларын, 27-беренесинин 1-, 2-,4-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ата Журт" идеалисттик демократиялык саясий партиясынан көрсөтүлгөн 120 санындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмеси катталсын (тизме тиркелет).
2. "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 27-беренесинин 11-пунктуна ылайык, "Ата Журт" идеалисттик демократиялык саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмеси "Эркин Тоо" газетасынын жакынкы номерине жарыялансын.
3. "Ата Журт" идеалисттик демократиялык саясий социалисттик партиясынан катталган талапкерлерге белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
Төрага | А.Сариев |