Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 2-сентябры № 192
2010-жылдын 10-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын ЖМКларын аккредитациялоо жөнүндө
Жогорку Кеңешке шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн аккредитациялоо өтүнүчү менен жалпыга маалымдоо каражаттарынан Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшкөн документтерди карай чыгып, Шайлоо жөнүндө Кодекстин 10-беренесинин 1-пунктунун 2 жана 3-пунктчаларын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары Борбордук шайлоо комиссиясына аккредитациялансын (тизме тиркелет).
2. Төмөнкү жалпыга маалымдоо каражалтарына аккредитациялоодон баш тартылсын:
-Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө Кодекстин 30-беренесинин 18-пунктунун талаптарын аткарбагандыгына байланыштуу "XXI кылым" жеке газетасына;
-Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө Кодекстин 30-беренесинин 18-пунктунун талаптарын аткарбагандыгына байланыштуу "Ноокат таңы" Ноокат райондук газетасына;
3.Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү А.М.Мамараимовго жүктөлсүн.
4. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жарыялансын.
Төрага | А.Сариев |