Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 4-сентябры № 193
"Республика" саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
Шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн алмаштыруу жөнүндө "Республика" саясий партиясынын жазуу жүзүндө берген билдирүүсүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекстин 10-беренесинин 1-пунктунун 1-, 3-, 22-пунктчаларына, 26-беренесинин 3-, 6-, 7-пункттарына ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Республика" саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Турусбеков Көкүмбай Кыдырмышевичтин ыйгарым укуктары токтотулсун.
2. 2010-жылдын 12-августундагы № 09 каттоо күбөлүгү жараксыз деп табылсын.
3. "Республика" саясий партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Сыдыгалиев Бакытбек Арленович катталсын.
4. Саясий партиянын катталган ыйгарым укуктуу өкүлүнө ыйгарым укуктуу өкүлдүн каттоо күбөлүгү берилсин.
5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.
Төрага | А.Сариев |